Сыргабаев Асан ажынын апасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы көңүл айтты

Белгилүү дин ишмери Сыргабаев Асан ажынын апасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Масалиев Абдиманап каарынын көңүл айтуу каты

«Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштаймын. Анын сүйүктүү Элчиси Азирети Мухаммадга салам жана салават айтамын. Урматтуу Асан ажы, апакениз Кырбаш кызы Кундуздун акыретке сапар алганын кайгыруу менен кабыл алдык. Сизге жана бардык туугандарыңызга өзүмдүн жана жалпы Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөмүн. Алла Таалам апаңыздын ыйманын саламат кылсын, кабырын нурдуу кылсын, бейишинен жай берсин. Пендезатты бул сыноо дүйнөгө жараткан да, өлүмдун, акырет иштеринин ээси да Алла Таала. Андыктан Жаратканды таанып, ага кулчулук кылып жашап өткөн инсандар кандай гана бактылуу жандар. Апакеңиздин салиха, ибадаткөй инсан экендигин жакшы билчүбүз. Алла Таалам сабырдууларды жакшы көрөт. Сиздерге сабыр жана Кайрат тилейбиз.»