Самаган Мырзаибраимов Казанда фатва чыгаруу усулу боюнча өткөн эл аралык семинарга катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Самаган Мырзаибраимов Казань шаарында өткөрүлгөн «Фатва чыгаруу усулу: заманбап жагдайлар жана маселелер» аттуу эл аралык семинарга катышты. Семинарда Мырзаибраимов Кыргызстан муслумандарынын Дин башкармалыгынын түзүмү жана фатва чыгаруу системасы боюнча баяндама жасады. Аалымдар Кеңешинин бирдиришинче, Кыргызстандан барган аалымдын баяндамасына кызыгуу жогору деңгээлде болгон.

Монголиянын муфтийи, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Белорусия жана Россиянын дин башкармалыктарынын өкүлдөрү жана дин изилдөөчүлөр катышкан эл аралык семинарда учурдагы маселелерге байланыштуу фатва берүү жолдору талкууланды.