Муфтият умра сапарына аттанган зыяратчылардын алгачкы тобун жөнөттү (фото)

Бүгүн, 15-ноябрь күнү КМДБ тарабынан уюштурулган умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Аталган топту КМДБ тарабынан бекитилген 3 умра башчы жетектеп барууда. Алар Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кызыр ажы Жээнбеков, КМДБнын Ажы-Умра бөлүмүнүн адиси Эсенали ажы Убайдуллаев жана Чаткал районунун баш имам-хатиби Кубаныч ажы Токонов болду. Ошондой эле, аялдар үчүн топ башчы катары Гүлсара Каримова коштоп барат.

«Муфтият тарабынан умра сапары уюштурулуп, алгачкы топту жетектеп бара жатабыз. Буйруса жакшы тейлөө жана ибадаттарды так, туура аткарылышына аракет кылабыз», – деди Кызыр ажы Жээнбеков.

Ажылык адистеринин билдиришинче, ибадаттык сапарга аттангандар толкунданып турушат. Алардын катарында алгачкы жолу кичи ажылыкка аттанган Ат-Башы районунун тургуну Мирбек мырза төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Умра ибадатын бир жолу аткаруу сүннөт, андан кийин бара турчу болсо, нафил болуп калат. Ошол себептүү биринчи жолу бара жаткандыгым үчүн ибадаттарды кемчиликсиз, туура аткарайын деген максатта муфтият менен чогуу барууну чечтим».

Белгилей кетсек, Муфтият пандемиядан бери умра сапарын уюштура элек болчу. Кичи ажылыктын ибадаттык маанисин көтөрүү, жарандарга сапаттуу диний кызмат көрсөтүү, ханафи мазхабынын тартибин сактоо сыяктуу зарылдыктардан улам, КМДБ умра сапарын уюштурууга киришкен.