Ош шаарында ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 15-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Баяна» мейманканасынын жыйындар залында СПИДге каршы күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош шаардык мусулмандар казыяты, Ош облустук казыяты, Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору менен биргеликте тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов, СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун өкүлдөрү, ошондо эле дин кызматкерлери катышты. Тегерек столго катышкандарга модераторлор тарабынан ВИЧ-СПИДдин таралуусу жөнүндө маалыматтар берилди.

Иш-чара суроо-жооп менен жыйынтыкталды.