Кочкор районундагы мектептердин жогорку класстарына лекциялар окулуп, зарыл маалыматтар берилди

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун РИИБнин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Кайрат Садыбакасов, БИИнин аймактык инспектору Нурлан уулу Нурсултан жана Кочкор районунун баш имам-хатиби Женишбек Арзымкожоевдер райондогу Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Кара-Мойнок айылдарындагы орто мектептердин 7-8-9-10-11-класстын окуучуларына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүп, лекциялар окушту.

Саамалыкта окуучуларга зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдар арасында кылмыштуулукка жол бербөө, эрте никеге турууну болтурбоо боюнча керектүү маалыматтар берилип, мыйзам бузулган учурда чара көрүлөрү эскертилди.

Сөз алган баш имам-хатиб: «Бул жөн гана айтыла салган сөз эмес. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Жаратканым насип кылса тез эле эрезеге жетип, ата-эне болосуңар. Тамак-аштын камын көрүү, тамташ салуу, балага табия берип, үй-бүлөгө шарт түзүү ата-эненин милдети. Ошондуктан азыртан татыктуу билим алып, терс көрүнүштөргө кадам салбай, изденгениңер илим болсо, келечекте ийгилик жараткан мыкты инсандардан болосуңар», – деди Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев.