Мурзакул каары Осмонов: Адептүүлүк жаштарды бийик деңгээлге жеткирет

Мындай пикирин бүгүн, 26-октябрда Ош шаардык казыятынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул каары Осмонов Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолукканда билдирди. Муну менен катар Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби жаштарга «Ыйман жана адеп-ахлак» темасында лекция окуп, билим алуунун артыкчылыгы, мугалимдердин береген билимин толугу менен  аманат экендигин айтып, эң негизгиси ата-энени урматтоого чакырды.

Жаштар биздин эртеңки келечегибиз болгондуктан алардын билимине, тарбиясына, адебине көңүл буруп, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салымын кошо турган муунду өстүрүшүбүз ар бирибиздин милдетибиз. Албетте, ошол эле учурда жаштар ар кандай терс диний агымдардан оолак  болуусу үчүн биз аларга туура багытты көрсөтүп беришибиз керек,-деди Мурзакул каары Осмонов.

Студенттер менен болгон жолугушуунун акырында  Мурзакул каары Осмонов ОшТУнун тарбия департаментинин жетекчисине жана жаштар комитетинин төрагасына терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары дагы ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, бул иш чара ОшТУнун демилгеси менен өткөрүлдү.