Музаффар ажы Турдубаев Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун башкы имам-хатибинин милдетин аткаруучу болуп Музаффар ажы Турдубаев дайындалды. Бул боюнча тиешелүү буйрукка Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев кол койду. Аталган буйрукка ылайык Музаффар ажы Турдубаевге Ноокат районудагы 233 мечит, 6 медресенин үстүнөн жетектөө жана район аймагында Ислам дининин баалуулуктарын жайылтып, өнүктүрүү милдети жүктөлдү. Бүгүн, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жаңы дайындалган башкы имам-хатипти район аймагындагы дин кызматкерлерине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тааныштырды.

Музаффар ажы Турдубаев буга чейин Ноокат райондук борбордук мечитинин имам-хатиби кызматын аркалап келген. Ал 1982-жылы Ноокат районунун Чапаев айылында төрөлгөн. Музаффар ажы Турдубаев Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинде, Египеттеги “Аль-Азхар” университетинде жана Ноокат районундагы “Имам-Ат-Термизий” медресесинде билим алган. Учурда Ош шаарындагы юридикалык колледждинин дистанттык бөлүмүндө билим алат. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Эскерте кетсек, райондун мурдагы башкы имам-хатиби Таабалды уулу Маматкасым ажы эс алуу курагына чыккандыктан, өз арызы менен жумуштан бошоп, ардактуу эс алууга чыккан.