“Ассанабил” кайрымдуулук фонду 2 жылда 33 медпункт куруп, элдин пайдалануусуна тапшырды (тизме)

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук  фонду тарабынан   2017-2018-жылдар аралыгында 36 медициналык клиникалар курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Бул туурасында фонддун маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди.

Медициналык клиникалар республиканын ар кайсы айыл кыштактарына, жаңы конуштарга курулуп, айрым жерлерде таптакыр медпункт  болгон эмес болсо, кээ бирлери эскилиги жеткен башка имараттардын бир бөлүгүндө  иш жүргүзүлүп келишкен.

“Ассанабил” ККФнун төрагасы Саид Баюминин айтымында бул медициналык долбоорлор көбүнчө жеке демөөрчүлөр же ар кандай эл аралык кайрымдуулук фондторунун колдоосу менен кызматташтыкта ишке ашууда.  Мисалы, 9 ФАПтын курулушун толугу менен “Qatar Charity” уюмунун каржылоосунда, ал эми калган башка медпункттар жеке демөөрчүлөр  же башка ушул сыяктуу Саудия, Кувейт, БАЭ, Бахрейн мамлекеттериндеги фондтордун  колдоосу менен ишке ашырылууда. Мындан сырткары учурда Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларына  эки кабаттуу клиника жана гемодиализ борборунун курулуш иштери жүрүүдө. Курулуш иштери 2018-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

“Биздин мекеме кыргызстанда иштегенден баштап медицина тармагында бир топ жумуштарды аткардык. Алгач жер жерлерди кыдырып медкаравандарды эң алгач биз уюштурганбыз. Мындай караван 16 жолу уюштурулуп, республиканын эң алыскы аймактарын кыдырып чыккан. Медкараванда борбор калаада иштеген профессионал дарыгерлер иштеп, элди акысыз кароодон өткөрүп, тиешелүү дары дармектерин акысыз таратылат”,-деди Саид Баюми.

“Ассанабил” ККФ акыркы жылдары калкты тейлөө үчүн атайын имараттарды куруп, саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүдө. Бул үчүн атайын министрликтин алкышына татып, Саид Баюми 2009-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” белгиси менен сыйланган. Ал эми  2017-жылы аталган тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн  “Ардак грамота” менен сыйланды.

ФАП, медпункт салынган аймактардын даректери:

Жайгашкан жери    
1 Чүй – Биринчимай р-н – Актилек конушу 17 Ош – Алай – Жошолу  айылы
2 Чүй – Ысык-Ата р-н –  Онбир Жылга 18 Ош – Кара-Суу – Маданият
3 Чүй – Аламүдүн р-н – Биримдик Кут (поликлиника) 19 Ош-Кара – Кулжа – Терек айылы
4 Чүй – Биринчимай р-н – Ленинград көчөсү 20 Ош – обл. оорукана – аптека
5 Чүй – Свердлов р-н – Көк-Жар конушу 21 Ош – Ноокат шаары
6 Чүй – Ленин р-н –  Лушихина көчөсү. 22 Ош – Ноокат – Кара-Таш
7 Чүй – Ысык-Ата – Үч-Эмчек айылы 23 Ош – Кара-Суу – Кышабад
8 Ыссык-Көл – Ак-Суу –  Сарыкамыш айылы 24 Ош – Ноокат – Айбек
9 Ысык-көл – Жети-Өгүз – Кичи-Жаргылчак 25 Жалал-Абад – Сузак – Лавдан-Кара
10 Нарын – Кочкор –  Туз айылы 26 Жалал-абад – Базар-Коргон
11 Нарын – Жумгал – Жумгал совхозу 27 Жалал-Абад обл оорукана
12 Талас – Карабуура –  Чоң Карабуура айылы 28 Жалал-Абад – Сузак – Жашасын 2
13 Баткен – Лейлек – Алга айылы 29 Жалал-Абад – Сузак – Кыржол
14 Баткен – ш. Кызыл-Кыя; (поликлиника) 30 Жалал-Абад-Сузак –Талаа Булак
15 Баткен – ш. Кызыл-Кыя; (центр гемодиализа) 31 Жалал-Абад – Аксы – Койташ
16 Баткен – Кадамжай – Үч-Коргон айылы 32 Жалал-Абад – Сузак – Абдураимов
    33 Жалал-Абад – Аксы – Кезарт

Калктын саламаттыгын жакшыртуу максатында дагы бир чоң долбоорлордун бири бул алыскы райондорду тез жардам унаасы менен камсыздандыруу болуп саналат.  Чолпон-Ата шаардык ооруканасына бир унаа жана Эл аралык кайрымдуу уюмунун колдоосу менен Чоң-Алай райондук ооруканасына, Ала-Бука райондук жана Аламүдүн районундагы Карл-Маркс айылдарына реанимобиль унаалары акысыз берилген. Бул медициналык тез жардам унаасы заманбап, көп шарттары бар керебеттери, кычкылтек толтурулган баллону, жасалма  дем алдыруучу аппараттары менен камсыздалган.

Эскерте кетсек, “Ассанабил” ККФ 2004-жылы  Кыргызстанда негизделип, калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иш  алып барышууда. Медициналык проекттерден сырткы 36 мектеп куруп, жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим-кече таратат. Ошол эле учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын дагы кайрымдуулук жаатында берип келишет.