Муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкери Уфа шаарында өткөн XI Эл аралык илимий-практикалык жыйынга катышты

Орусия мусулмандарынын  Борбордук Дин Башкармалыгы М.Акмулл атындагы Башкирия мамлекеттик  педагогикалык университети, Орусия Ислам Университети Орусия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Башкортостан Республикасынын башчысынын көмөгү алдында «XXI кылымда билим берүү мейкиндигиндеги Ислам динин идеалдары жана баалуулуктары»  аталышында XI Эл аралык илимий-практикалык жыйын өткөрүдү. Ислам тарыхынан жана маданиятынан билими бар адистерди даярдоо боюнча федералдык долбоорунун алкагында Уфа шаарында өткөн  XI Эл аралык илимий-практикалык жыйынга Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Египет, Иордания, Марокко, Тунис, Түркия, Сирия, Индия жана  жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдөн дин аалымдары, серепчилер катышып, диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери, тарыхы жана Ислам маданияты, руханий баалуулуктарды жандандыруу, билим берүү жана экстремизмдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Эл аралык жыйындын акырында резолюция кабыл алынып, жалпы катышуучулар өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.