Ош шаарында диний окуу жайлардын кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өтсө, имамдарга тренинг уюштурулду

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Мутакалим» коомдук уюму менен биргеликте Ош шаарында Жалал-Абад, Баткен, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусунун жана Ош шаардык казыяттарына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жана мугалимдерине спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектер берилди.

Волейбол оюну боюнча кыздар арасында:

1 орунду Нарын, Ысык –Көл жана Талас облустарынан куралган «Ассорти» командасы

2 орунду «Жалал-Абад» командасы

3 орунду –«Чүй» командасы

Футбол оюну боюнча эркектер арасында:

1 орун «Баткен» командасы

2 орун  «Ош облусу» командасы

3 орунду Нарын, Ысык –Көл жана Талас облустарынан куралган  «Ассорти» командасы жеңип алды.

Муну менен катар бул күнү «Ден соолук негиздери» аттуу тренинг уюштурулуп, анын ачылыш салтанатына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары, UNFPA өкүлү Толгонай Бердикеева жана «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

Тренинг алкагында жалпы катышуучулар ден соолукту сактоо жана табият менен таттуу мамиледе болуу боюнча бир катар көнүгүүлөрдү жасашты. Ошондой эле диний лидерлердин өздөрүнүн аймагындагы дараметин жогорулатуу, аларга альтернативдүү жана ийгиликтүү идеяларды берүү, радикалдашуунун, зордук зомбулуктун, экстремизмдин алдын алуу жана аларга жол бербөө темалары боюнча лекциялар окулду. Иш чаранын соңунда катышуучуларга баалуу белектер жана Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаардык казыяттарына бирден ноутбук берилди.