Өзгөндөгү 200дөн ашуун мечит имамына “Жума хутбалары” аттуу колдонмо китептер таратылды

Өзгөн районундагы “Топансу-Отумбу” атындагы борбордук мечитте Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунан келген 200дөн ашуун мечит имамдарына КМДБнын фатва бөлүмү тарабынан даярдалган “Жума хутбалары” аттуу имамдар үчүн колдонмо китептер таратылды. Аталган иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылына карата КМДБ тарабынан уюштурулган “Аймактарда Ханафий мазхабынын тынчтыкты орнотуудагы ролу” аттуу семинарынын алкагында өткөрүлдү. Семинарга КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун башкы имам-хатиптери катышышты. Семинардын жүрүшүндө Равшан ажы Эратов “Ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү, Кыргызстандагы басып өткөн жолу, тынчтыкты орнотуудагы багыты” боюнча имамдарга кеңири форматтагы баяндамасын жасады. Мындан сырткары мечит имамдары тарабынан берилген ар кандай суроолорго жооп берип, жакындан пикир алмашты.

Бүгүнкү иш чараны өлкөбүздүн бардык аймактарында өткөрүүнү пландап, ушул жылдын 11-октябрында баштаганбыз жана 4-ноябрда жыйынтыктайбыз. Иш чаранын негизги максаты Ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү, тынчтыкты орнотуудагы Ханафий мазхабынын орду жана ишеним багытында Матурудий акыйдасы боюнча кеңири түшүндүрмө берүү. Ошондой эле семинарда имамдардын жүрүм-туруму, коомдогу орду жана имамдардын этикасы боюнча пикир алмашуу болуп өтөт. 2014-жылдан тартып Муфтиятта алгач өлкө боюнча диний окуу жайлардын бирдиктүү окуу программалары иштелип чыгып, окутуу китептери Ханафий мазхабынын багытында көзөмөлгө алынды. Ал эми мечиттерде намаз убакыттарынын аймактык өзгөчөлүккө жараша бирдиктүү убактысы боюнча Намаз календары иштелип чыгып тартипке салынды. Мындан сырткары имамдардын жума хутбаларын бирдиктүү айтуусу боюнча жума хутбаларынын тематикалары иштелип чыгып, имамдарга багыт көрсөтүү максатында жума хутбаларынын баяндарын камтыган колдонмо китебин да чыгарып, акысыз таратып бердик. Алдыдагы планыбызды “Имамдар үчүн юриспруденция-фыкх” китебин иштеп чыгууну пландап жатабыз, –деди Равшан ажы Эратов.

Эске салсак, аталган иш-чара Ош облусунун башка райондорунда да өткөрүлөт.