Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук мечиттин дааратканасы жаңыланды

Баткен  облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын борбордук мечитинде заманбап даараткана курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев билдирди.

Мечиттин мурдагы дааратканасы талапка жооп бербегендиктен, жеке ишкердин колдоосу менен жаңы, бардык талапка жооп берген заманбап даараткана курула баштаган.

«Ислам динибиз тазалыктын үстүнө курулган дин жана  Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тазалык ыймандан экендигин  куттуу хадисинде белгилеп өткөн. Тазалык эң алгач дааратканадан башталат. Кыш мезгили да жакындап келе жатат. Мечитке келген эл үчүн колубуздан келишинче шарттарды түзүп берүүгө аракет кылдык», – деди Ниймат ажы Топчиев.