Тоңдо мечиттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдыктар көрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдыктар кызуу көрүлүүдө. Бул туурасында Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди. Оңдоп-түздөөгө негизинен жергиликтүү ишкерлер демөөрчүлүк кылып жатат. Бүгүнкү күндө “Көк-Сай” жана Төрт-Күл мечити толук ремонт кылынып, мечиттин айланасы тосулуп, жылуу суу киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

“Айыл жаштарынын жана жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен Көк-Сай жана Төрт-Күл “Бейше ажы” мечити бүгүнкү күндө толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, окуу канаасы, заманбап ашканасы менен бүткөрүлүп, учурда өз ишин баштады. Бүгүнкү күндө аталган мечиттер жылуу, мечиттин ичиндеги килем дагы атайын буйрутма менен алынып, мечиттин айланасы тосулуп, брусчатка төшөлүп, көмүрканасы толук бүткөрүлүп, айтор кышка карата аракетибизди көрүүдөбүз”, – деп кошумчалады Таалайбек ажы.

Белгилей кетсек, жаз алды менен мечиттердин айланасын көрктөндүрүү, көчөттөрдү отургузуу иштери пландалып жатат.