(Сууну) тике туруп ичсе да болору, бирок олтуруп ичкен андан артык экендиги тууралуу хадистер

№164: Хассан бин Сабиттин эжеси Умм Сабит Кабша бинт Сабиттин (алардан Алла ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

«(Бир жолу) Алланын Элчиси (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) мага кирип, тике турган боюнча асылып турган чаначтын оозунан (суусундук) ичти да, анан мен ошол чаначтын оозун кесип алдым» (Бул хадисти» жакшы ишенимдүү хадис» деп белгилеген ат-Тирмизи келтирет).

Умм Сабиттин чаначтын оозун кесип алганынын себеби: Ааламдарга мээрим болгон Алланын Элчисинин (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) куттуу оозу тийген ошол нерсени сактап коюу аркылуу өзүнө да андан берекенин жугушун үмүт кылып жана чаначтын ошол куттуу эриндер тийген моюнуна башка адамдардын этиятсыз мамиле кылып коюшунан сактоону каалаган.

Бул хадисте чаначтын оозунан ичсе да боло берери көрсөтүлгөн, бирок мурдагы хадистерде суусундук ичүүнүн андан да жакшыраак жолу көрсөтүлгөн. Эң туурасын Алла Билүүчү.

№767: Ибн Аббастын (андан Алла ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

«(Бир жолу) мен Алланын Элчисине (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) Замзамдын суусунан бердим эле, ал аны тике турган боюнча ичип алды» (ал- Бухари, Муслим).

№768: Ан-Наззал бин Сабранын (андан Алла ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

«(Бир жолу) (Куфа шаарындагы) мечиттин босогосуна келген Али (андан Алла ыраазы болсун) тике турган боюнча сууну ичип алды да, анан минтип айтты: «Чындыгында, Алланын Элчисинин (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) мен азыр силердин көз алдыңарда жасагандай кылганын көргөнмүн”[1] (ал- Бухари, Муслим).

№769: Ибн Умардын (алардан Алла ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

«Алланын Элчисинин (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) көзү тирүү кезинде, бизге көбүнчө тике турган боюнча тамактанууга жана суусундук ичүүгө туура келчү” (бул хадисти «жакшы ишенимдүү хадис» деп белгилеген ат-Тирмизи келтирет).

№770: Амр бин Шуъайб өз атасынын сөзү менен анын чоң атасынын[2] (андан Алла ыраазы болсун) мындай дегенин кабарлайт:

«Мен Алланын Элчисинин (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) (суусундукту) туруп ичкенин да, олтуруп ичкенин да көргөнмүн” (бул хадисти «жакшы ишенимдүү хадис» деп белгилеген ат-Тирмизи келтирет).

№771: Анас (андан Алла ыраазы болсун) Алланын Элчисинин (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) тике туруп суу ичүүгө тыюу салганын кабарлайт. Ал тууралуу Катада[3] минтип айтат:

«(Ошондо) биз Анастан: «Ал эми (ал тике туруп) тамактанганбы?» деп сурадык эле, ал: «Ал тигиден да[4] жаман» — деп айтты» (Муслим).

Бул хадистин Муслим өзү эле келтирген башка риваятында Алланын Элчисинин, ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун, (адамдарга) тике туруп суусундук ичүүгө тыюу салганы кабардалат.

№772: Абу Хурайра (андан Алла ыраазы болсун) Алланын Элчисинин (ага Алланын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

«Силердин эч кимиңер эч качан тике турган боюнча (cyy) ичпесин, ал эми унутуп калып, ичип алса, анда ал аны кусуп салсын» (Муслим).

“Момундардын бакчасы” (пайгамбарлардын мырзасынын сөзүнүн негизинде) китебинен алынды


[1] Б.а. тике туруп ичкенин

[2] атасынын чоң атасы Абдуллах бин Амрди айтууда.

[3] Катада Иби Дуъама – абройлуу табаъиндердин бири

[4] Б.а. тике туруп ичкенден да