Абу Ханифа (Алла аны ырайымына бөлөсүн) рукудан турганда эмнеге колдорун көтөргөн эмес?

Суфян ибн Уяйна (ө.ж. 198/814) минтип риваят кылат:

Имам Абу Ханифа (рахимахуллаху таала) менен атактуу аалымдардан Аузаи Меккедеги «Даарул-хаййатинде» жолугуп калышты. Ошондо Аузаи Имам Абу Ханифага:

– Рукуга бараарда жана рукудан турган кезде сиз эмне үчүн колдоруңузду көтөрбөйсүз? – деген собол салды. Ага Имам Абу Ханифа минтип жооп берди:

Анткени, Алла Тааланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) рукуга барарда жана рукудан турган кезинде колдорун көтөргөндүгү тууралуу сахих риваят жок. Ошол себептен колдорумду көтөрбөймүн.

– Кантип жок? Зухри Салимден, ал атасынан, атасы болсо Алланын Элчисинен (саллаллаху алейхи васаллам) кылган риваятта Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) намазды баштарда, рукуга барарда жана рукудан кайра турганда колдорун көтөргөндүгү айтылган го?!

– Хаммад Ибрахимден, ал Алкамадан жана Асваддан, алар Ибн Масуддан кылган риваят боюнча Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) болгону намазды баштарда гана колдорун көтөргөн.

Имам Абу Ханифанын жообун бир аз кабыл кыла албаган Аузаи:

– Мен сизге Салимден жана анын атасынан келген риваятты айтып жатам. А сиз болсоңуз мага Хаммад менен Ибрахимден келген риваятты айтып жатасыз, жарыктык…

Ага Имам Абу Ханифанын жообу төмөндөгүчө болду:

– Хаммад Зухриге караганда алда канча күчтүү факих аалым болгон. Нахаи да Салимге караганда күчтүү факих аалым болгон. Алкама да Абдуллах ибн Умардан төмөн болгон эмес. Ибн Умар сахаба болуу артыкчылыгына ээ болгон болсо, Асвад да бир топ өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Ал эми Абдуллах ибн Масуддун фыкых илиминдеги даражасына жогоруда аты аталгандардын эч бири жете алышкан эмес.[1]

Аузаи буларды угуп үндөбөй туруп калат.

«Улуу Имам Абу Ханифа» китебинен алынды («Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду/ Бишкек – 2014).


[1] Ebû Zehra, «Ebu Hanife», 296-297; Selim, Enes, «Imam- ı A’zam Ebû Hanife» [Nurdan Bir Abide: Ebû Hanife], 60-61.