Майлуу-Сууда «Жаштар арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу» боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Майлуу-Суу медициналык коллежинде шаардык мэрия, укук коргоо органдары жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда студенттер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда «Жаштар арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу» аттуу тематика боюнча баалуу маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда Майлуу-Суу шаардык хатибиятынын өкүлү ата-энени сыйлоо, урматтоо керектигине токтолуп, суицид чоң күнөө экендиги баса белгиленди. Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ислам дини экстремизмге каршы экендиги эскертилип, жаштардын окууларына ийгилик каалап, дуба кылынды.