Кара-Сууда “Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү жана аза күтүү” иш-чарасы өткөрүлдү

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек айылында Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү жана аза күтүү” иш- чарасы уюштурулду. Ага Мады айыл өкмөтүнүнү жооптуу имамы Эгемберди ажы Джалалов, Кыргыз-Чек айылынын тургундары, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочулары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жол кырсыгынан каза болгон жалпы маркумдарга Куран окулуп, дуба кылынды. “Акыркы учурда жол эрежелерин билбестен унаа айдагандар көбөйдү. Бул нерсе мыйзамга каршы келгендей эле, ислам шариятыбызда да туура көрүлбөйт. Кайсы бир пенде үйлөнүү алдында турса, ага үй-бүлө мамилелерин билүүсү шарт. Ошол сыяктуу унаага олтуруудан алдын анын эрежелерин так билүүсү шарт. Ошондуктан мусулманмын деген пенде, ар бир ишине кылдаттык жана берилүү менен аткаруусу керек”, – деди Эгемберди ажы Джалилов.