Ак-Талаадагы дээрлик бардык мечиттердин кышка карата даярдыгы аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев бир нече айылдарды кыдырып, мечит имамдары менен жеринде жолукту. Бул кыдыруунун бирден-бир максаты, жылуулук маселеси чечиле элек мечиттерден кабар алуу болгон.

Баш имам-хатиб Акылбек Эсеналиевдин айтымына караганда, Ак-Талаа районундагы бардык мечиттердин кышка карата даярдыгы дээрлик жакшы жана көмүр менен камсыздандыруу иштери толугу менен аяктады. Эсеналиевдин билдиришинче, дал ушул күнү Жаңы-Талап мечитине айыл жаштары 13 тонна таш көмүр түшүрүп беришкен.

Белгилей кетсек, мындай демилгелер ар бир айылдын тургундары тарабынан колдоого алынып келүүдө.