![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/11/IMG-20221120-WA0030.jpg)
Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов айылдык башкармалыктарды зыярат кылууну улантып, анын алкагында калаанын Тайгараев айылдык башкармалыгына караштуу «Төш кутчу» жума мечитинде имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда баш имам-хатиб дин кызматкерлерине мечиттердин тазалыгы жана кышка даярдыгын колго алуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин тездетүүнү тапшырды.