Бишкек шаардык казыяты Бүткүл дүйнөлүк Куран конкурсунун жеңүүчүсү Мухаммадали карыны куттуктады

Бишкек шаардык казыятынын жамааты борбордук мечитте Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурсунун жеңүүчүсү Мухаммадали кары Умаровду кабыл алып, аны жеңиши менен куттуктады.

«Мамлекетибизде мыкты карылар өтө көп. Буга чейин да көптөгөн жарыштарда биздин карылар байгелүү орундарды багындырып келген. Бул жолку дүйнөлүк жарышта Мухаммадали карынын биринчи орунду алгандыгы баарыбызды кубантты. Ушундай карыларды өстүрүп тарбиялаган ата-энесине жана устаздарына ыраазычылык билдиребиз. Ал эми жалпы журтчулук ушундай карыларды сыйлап, урматташыбыз керек. Карыларды урматтоо бул Куранды жана Алланы урматтоо болуп эсептелет», – деди Бишкек шаарынын казынын орун басары Талантбек Темирбаев.