Баткен облусунун казысы Ош шаарында эл менен жолугушуп, адеп боюнча лекция окуду

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Ош шаарына иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында Ош шаарынын казысынын милдетинин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушев менен жолугуп, тыгыз кызматташуу жана тажрыйба алмашуу тууралуу маектешти.

Андан соң «Суражидин» атындагы мечитте калаа тургундары менен жолугуп, «Адеп-ахлак баалуулугу жана терс көрүнүштөр» темасы боюнча лекция окуду.

Нуридин ажы иш сапарынын жүрүшүндө ОшТВ телеканалына чакырылып, «Ыйман» темасында баяндама жасады.