Баш калаа имамдары “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилери менен жолугушту

Бишкек шаардык казыяты жана борбор калаадагы мечиттери эсептик каттоодон өтө элек имамдар “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилери жолугушту. Жолугушууга КМДБнын Чарбачылык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин башчынынын орун басары Данияр Бапышов, архитектуралык-пландоо тапшырмалары бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Усупекова жана катышты.

«Мечиттерди каттоодон өткөрүү үчүн жалпы казыят жамааты жана имамдар болгон күчүбүз менен аракет жасап жатабыз. Негизинен шаарыбыздагы көптөгөн мечиттер жеке демөөрчүлөр жана фонддор тарабынан курулган. Көпчүлүк бөлүгү жеке менчик жерлерге курулганына байланыштуу документ иштери бүтпөй калган. Бул маселени чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып жатабыз. Буйруса жогоруда аталган мекеме дагы диний объекттерди документтештирүүгө көмөк көрсөтө турган болду», – деди казыяттын мечиттер боюнча адиси Расул ажы Сариев.