Москва районунда жогорку класстын окуучуларына өспүрүмдөр арасында кылмыштын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Кечээ, 21-ноябрь күнү Чүй облусунун Москва районунун райондук администрациясынын жыйындар залында 9-11-класстын окуучуларына семинар өткөрүлдү. Иш-чарага акимдин орун басары М.Мамажанова, райондун баш имам-хатиби И.Жакеев, үй-бүлөлүк дарыгер Н.Мусаева, укук коргоо органдары жана мектеп мугалимдери катышты. Семинарда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын алдын алуу жана эрте турмуш куруунун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми имам-хатиб ата-энени сыйлоо, жаштык кезди натыйжалуу өткөрүү, терс жорук-жосундардан качуу жана позитивдүү болуу боюнча баяндама жасады. Ал өз сөзүндө ислам принциптерин жана мыйзам нормаларын бузбоого чакырып өттү.

Иш-чаранын соңунда окуучулар суроо берип, тиешелүү адистер тарабынан жооп алышты.