Өзгөн районундагы «Абдираим кары» медресесинде спорттук зал ачылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы «Абдираим кары» медресесинин спорттук залынын ачылышы болду. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Абдираим кары медресесинин мүдүрү Абдирахман кары Атабаев, окуу жайдын эмгек жамааты жана айыл тургундары катышты.

Залдын ачылыш аземине карата Өзгөн райондук хатибияты спорттук мелдеш уюштурду. Мелдешке хатибияттын, окуу жайдын кызматкерлери жана айыл тургундары катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде, «Күчтүү момун алсыз момундан Алла Таалага жакшыраак, сүйүктүүрөөк» деп айткан. Мусулман пенде ар дайым күчтүү болуусу керек. Акыркы учурда өсүп келе жаткан жаштарыбыз туура эмес иштер менен алек болбостон, ушул сыяктуу спорттук оюндарды ойноп жаткандыктары келечегибиздин кеңдигин айгинелейт. Ушундай спорттук залдардын курулуусу, хадисте айтылгандай, күчтүү момундардын чыгуусуна себеп болот», – деди Самидин кары Атабаев.