Сокулукта имамдардын кезектеги жыйыны өтүп, анда ханафилик боюнча сабак өтүлдү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун кезектеги имамдар жыйыны Сокулук районуна караштуу Студентский айылынын «Халифату Умар» мечитинде өттү. Чогулушта эсептик каттоо иштери кечигип жаткан мечиттердин маселеси каралып, бул айда эки мечиттин документи даяр болгону айтылды.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө имамдарга ханафи мазхабы боюнча, ошондой эле туура эмес агымдар боюнча сабак өтүлдү. Сабакты «Умар» медресесинин мүдүрү Убайдулло Амиров өттү.

Кийинки жыйын Дача-Су айылында өтөрү макулдашылып, анда авиакырсыктан каза болгондорго Куран окулмакчы. Жыйында акыйда боюнча сабак да уюштурулуп, ал боюнча «Равза» медресесинин мүдүрү Өскөн Каландаровго тапшырма берилгенин райондун имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди.