Акпаралиев орто мектебинде райондун баш имам-хатиби ислам дининин баалуулуктары боюнча семинар өттү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук хатибияты тарабынан райондогу Акпаралиев орто мектебинде ислам дининин баалуулуктары, экстремизм жана терроризмдин исламга тиешеси жоктугу, тоноочулук, бейбаштык, суицидге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баалуу маалыматтар берилди. Семинарга райондун баш имам-хатиби, мектеп жетекчилиги жана окуучулар катышты.

Саамалыкта дин кызматкерлери жогорудагы маселелердин алкагында омоктуу пикирлерди айтып, окуучуларды сапаттуу билим алууга чакырды. Райондун баш имам-хатибинин айтымында, мындай иш-чаралар мындан ары да уланат.