Дордойдо бардык каалоочулар үчүн Куран жана тажвид сабагы өтүлүүдө

Бишкек шаарына караштуу Дордой конушунда жайгашкан «Иброхим» мечитинде аптанын шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү Куран жана тажвид сабагы өтүлүп жатат. Мечиттин имамынын айтымында, сабак ыктыярдуу түрдө уюштурулуп, каалоочулар Куран окууну үйрөнүшүүдө.

 «Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр. Куран – бул бүткүл илимдердин булагы. Ошондуктан өзгөчө ушул заманда Куранды окуп үйрөнүп,  башкаларга жеткирүүдө аянбашыбыз керек. Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары бош убактысын көбүнчө телефон менен өткөрүп жатат, буга ата-энелер дагы көңүл буруусу зарыл. Бош убактысын туура пайдаланып Куран үйрөнүүгө чакырып кетет элем», – деди мечит имамы Нурали ажы Оркошов.