Ала-Букада экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын болуп, ага хатибият жамааты катышты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чара Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед Булан айылында болуп, ага район акими баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун баш имам-хатиби, хатибияттын даават боюнча адиси жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйындын башында район жетекчиси экстремизм, терроризм боюнча актуалдуу маселелерге кеңири токтолуп, экстремизмдин кесепеттери боюнча маалымат берди. Ал эми райондук хатибияттын кызматкерлери тарабынан да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экстремизмдин жана терроризмдин динге тиешеси жоктугу айтылды.