Ысык-Көл облусунун казысы казыяттын ишин жакшыртуу боюнча отурум өткөрүп, ар бир адиске өзүнө тиешелүү жумушту жетик аткаруу талабын койду

Бүгүн, 22-ноябрь күнү Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков казыят кызматкерлерине кезектеги отурумун өткөрүп, казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана алга жылдыруу туурасында көрсөтмө берди. Ар бир адистикке тиешелүү штаттык инструкциясын эскертип, коомчулук менен иш алып барууну жакшыртуу талабын койду.

Ошондой эле улуттук жана диний баалуулуктар туурасында токтолуп, улуттун динин, тилин, маданиятын, улуттук баалуулуктарын билип, үйрөнүп, сактап, кийинки муундарга өткөрүү зарылдыгына токтолду.