Эгемен Кыргызстандын туңгуч Муфтийи Кимсанбай ажы Абдырахмановдун дүйнө салганына байланыштуу Аалымдар Кеңеши көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын туңгуч муфтийи, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мурунку чакырылыштарындагы Ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдырахмановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев көңүл айтты

Текст толугу менен берилет:

«Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштаймын.

Кадырлуу аксакал аалымыбыз, эгемен өлкөбүздүн туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдырахмановдун акка моюн сунгандыгы жөнүндөгү кабар баарыбызды терең кайгыга салды. Орто Азия элдеринин жана Кыргызстан калкынын диний, руханий жашоосунда опол тоодой орду бар аксакалыбыздын арабыздан кетүүсү — жалпы элибиз үчүн чоң жоготуу. Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атымдан ажыкебиздин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аза-кайгыңыздарды тең бөлүшүп, сабыр, кайрат тилейбиз. Кимсанбай ажыкебиздин ыйманы саламат, акырет сапары байсалдуу болсун. Жараткан Эгем сурак-соболдорун жеңил кылып, чексиз ырайымдуулугу менен фирдаус бейишинен орун берсин.

Кимсанбай ажы Советтер Союзунун кысымына, басымына карабай жаштайынан дин илимдерине баш оту менен киришкен. Кийинчерээк 1959-1971-жылдары Борбордук Азиядагы белгилүү «Мир-Араб» медресесин, андан соң 1976-1980-жылдары Иорданиядагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Ал өмүрүнүн жарым кылымдык бөлүгүн диний агартууга, Кыргызстан диний идарасынын, Ислам институтунун жана миңдеген мечиттердин, ондогон медреселердин түптөлүп, курулуусуна жумшаган. Жетимиш жыл бою атеисттик идеология менен башкарылган калкыбызга көз карандысыздыкты алгандан тарта ислам динин жеткирүүдө, мусулмандык аң-сезимди калыптандырууга эбегейсиз салым кошкон. Өз доорунда анын илиминин тереңдиги, эмгекчилдиги, көрөгөчтүгү жана чебер дипломаттык жөндөмү жаңыдан дин илимдерин окуп жүргөн же диний кызматтарга киришкен молдолорго үлгү жана илхам болгон. Диний өңүттөн алганда бүгүнкү жетишкендиктердин дээрлик көпчүлүгүндө Кимсанбай ажынын изи, мээнети бар десем жаңылышпайм. Элибиз жана аалымдарыбыз маркум Кимсанбай ажыбызды жана анын ат көтөргүс эмгектерин мындан ары да сыймыктануу менен эскерип, кайыр дубада болот. Дагы бир жолу ажыкебиздин жакындарына жана жалпы элибизге көңүл айтабыз. Өмүрүн ислам илимдерине, өлкөсүнүн ыйман жолуна түшүүсүнө арнаган аксакал аалымдын урматына Кудай Таалам элибизге тынчтык, кут-береке жана хидаят насип кылсын. Оомийн».