Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч Азирети Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов акыркы сапарга узатылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 23-ноябрь күнү баш калаанын «Мекен шейиттери» мечитинде белгилүү дин ишмери, учур кыргыз аалымдарынын устазы, Кыргызстан мусулмандарынын алгачкы Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду акыркы сапарга узатуу аземи болуп өттү.

Аземге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, ЖК депутаттары, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, Муфтият жамааты, экс-муфтийлер, дин ишмерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.