Чоң-Алайдын баш имам-хатиби имамдарга жыйын өтүп, ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү талабын койду

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондун жалпы имамдарына жыйын өттү. Жыйында КР Президентинин «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» №54 жарлыгын алкагында жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндөгү №1 фатвасынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, райондун аймагындагы каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү маселелери каралып, имамдарга тапшырмалар берилди.

“Ысрапкорчулук туурасында Куран-и Каримде жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринде өтө көп айтылат. Бул нерсе баарыңыздарга эле маалым. Ар бир жыйында жана жумаларда ысырапкорчулукка жана ыксыз чыгымга жол бербөө туурасында насааттар айтылып, элибизде түшүнүк пайда болду. Биз ушуну менен токтоп калбастан, дагы да болсо калайык менен иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзө беришибиз керек”, – деди Чоң-Алай районунун баш-имам хатиби Алимбек ажы Маматаминов.