Ысык-Көл районунда диний кырдаал талкууланып, учурда аткарылып жаткан иштер туурасында билдирүү жасалды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Три Корона” пансионатынын жыйындар залында учурдагы диний кырдаал талкууланган иш-чарага Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев, райондук имамдар, райондук бийлик өкүлдөрү катышты. Экстремизм жана терроризмге жол бербөө боюнча жаштар арасында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди күчөтүү багытында өткөрүлгөн отурум КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулду.

Отурумга жогоруда айтылгандардан сырткары улуттар ассамблеясы, райондук билим берүү бөлүмү, укук коргоо органдары, жаштар борбору жана башка тармактардын өкүлдөрү да катышып, учурда болуп жаткан иштер туурасында билдирүү жасалды. Келген катышуучуларга атайын даярдалган буклеттер таратылып, отурумдун максаты түшүндүрүлдү.

“Райондук хатибияты катары жаштар үчүн атайын окуу курстарын уюштуруп жатабыз. Биздин окуу курстар экстремизмдин, диний терс агымдардын аракеттеринин алдын алуу багытындагы алгылыктуу кадам деп эсептейбиз”, – деди райондук баш имам-хатиб Максат Сейталиев.