Мунарбек ажы Акматов: «Динине, улутуна, рассасына карабастан адам баласына жакшы мамиле кылуу керек»

Бүгүн, 23-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин жыйындар залында студенттер үчүн «Мамлекеттик органдар тарабынан диний уюмдардын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу» деген темада тегерек стол болуп, ага Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Эрдем» мечитинин имам-хатиби Мунарбек ажы Акматов катышып, ислам дининдеги толеранттуулук жана илим алуунун зарылдыгы жөнүндө баяндама жасады.

«Динине, улутуна, рассасына карабастан, адам баласына жакшы мамиле кылуу керек. Бул жаатта Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бизге чоң үлгү көрсөтүп кеткен. Ошондой эле, илими жок адам башкалардын кызыкчылыгы үчүн колдонулуучу курал болуп берет. Ал эми ислам дини акылды иштетүү, терең түшүнүү жана ой жүгүртүү менен илим алууга чакырат», – деди Мунарбек ажы Акматов.

Аталган иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн Ош шаары боюнча жооптуу өкүлү А. Оморов да катышып, «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат» деген темада баяндама жасады. Ошондой эле, окуу жайдын студенттери тарабынан «Мамлекет, дин жана каада-салт» жана «Мамлекеттик мыйзамдар менен диндин жөнгө салынышы» деген темаларда докладдар окулду.

Иш-чаранын соңунда баяндамачыларга окуу жай тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.