Кызыл-Кыянын баш имам-хатиби мектеп окуучулары менен жолугушуп, тарбиялык саат өттү

Кечээ, 22-ноябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев шаардагы №70 кесиптик лицейинин студенттери менен жолугушуп, тарбиялык сабак өттү.

Сабакта шаардын баш имам-хатиби мектеп окуучуларына адеп-ахлак, ата-энени сыйлоо, мугалимдерди урматтоо, элге-мекенге кызмат кылуу тууралуу сөз козгоп, динди карманууда аша чаап, туура эмес агымдарга кирип кетпөө үчүн сак болуу керектигин эскертти.

Лекциянын жыйынтыгында мугалимдер да, окуучулар да ушундай пайдалуу лекцияларды көп-көп өткөрүү сунушун жана өтүнүчүн билдиришти.