Акжол ажы Бакиров “Кыргыз жараны” аттуу тегерек столго катышып, ынтымак тууралуу баяндама жасады

Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясында “Кыргыз жараны” аттуу тегерек стол уюштурулду. Ага Өзгөн районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы, мектеп мугалимдери, мекеме ишканалардын жетекчилери жана райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров катышты. Тегерек столдо улуттар аралык ынтымак, жарандардын укуктары туурасында сөз болуп, айрым маселелер талкуланды. Өзгөн районунун баш имам-хатиби ушул сыяктуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп туруусун сунуштап, ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирди.

“Куран-и Каримде Алла Таала: “Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек, бир аялдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып билүүңөр үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Алланын алдында силердин эң сыйлууңар-такыбараагыңар (Кудайдан көбүрөөк коркконуңар). Алла (баарын) Билүүчү, Кабардар!” – деп айткан. Ислам дини эч качан уруу, улут болуп бөлүнүүнү колдобойт. Тескерисинче, ар тараптуу ынтымакта болууга чакырат. Башка бир аятта “Албетте, монундар бир тууган”, – деп айтылат. Динибиз, тилибиз бир болгондуктан, баарыбыз бир тууганбыз. Бөлүнүп-жарылуу мусулманга туура келбеген сапат”, – деди Акжол ажы Бакиров.