Ала-Бука районунда cалттуу ислам жана тыюу салынган уюмдар боюнча талкуу уюштурулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун мамлекетик администрациясынын кичи жыйындар залында Дин иштери боюнча мамлекетик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин демилгеси менен салттуу ислам, диний уюмдар жана тыюу салынган уюмдар боюнча талкуу болуп өттү.

Иш-чарага район акиминин орун басары Асел Айтыкулова, баш имам-хатиб Шумкарбек ажы Чыналиев, аксакалдар кеңешинин төрагасы Самат Максымбеков, Этностор аралык агенттиктин өкүлү Эркин Батыров, райондук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жумагүл Тажибаева, жооптуу имамдар, айыл өкмөттөрдүн соц. адистери жана мектеп директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мугалимдер окуучулардын форма маселесин козгосо, дарыгер Жумагүл Тажибаева жарандардын вакцина алуулары боюнча токтолду. Ал эми баш имам-хатиб Шумкарбек ажы Чыналиев Ала-Бука районундагы бардык мечиттер каттоодон өтүп бүткөнү тууралуу маалымат берип, тыюу салынган агымдардан алыс болууга чакырды.