29-декабрь күнү Умра сапарына баруучулар үчүн түз каттам уюштурулуп, Азирети Муфтийдин орун басары баштаган дин кызматкерлери жетектеп барышат

29-декабрь күнү Умра ибадатын Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы аркылуу аткарууну каалаган жарандарды чакырабыз. Бул жолу түз каттам уюштурулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Мырза кары Осмонов жана «Дордой» мечитинин имамы Муса кары Атабаев баштаган дин аалымдары жетектеп бармакчы.

Абу Хурайра (р.а) риваят кылган хадисте сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деп айткан: «Умрадан умрага чейинки аралыктагы күнөөлөрдүн бардыгы кечирилет».

Толук маалымат үчүн байланыш номерлери: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.