Ош облусундагы диний объектилердин тазалыгын жана кышка даярдыктарын текшерүү уланууда

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана казыяттын бухгалтерия адиси Сулейман ажы Шерматов Кара-Суу районундагы мечиттердин, диний окуу жайлардын тазалыгын жана кышка болгон даярдыктарын текшерүүдө. Текшерүүдө негизинен жума окулуучу мечиттер, медресе жана диний окуу борборлорго басым жасалууда.

“Бардык диний объектилердин тазалыгы жана кышка даярдыгы өтө жакшы деңгээлде, ал эми кээ бир мечиттер эми камданып жаткан учур. Жалпылай алганда, Кара-Суу районундагы мечит, медреселердин дээрлик кышка даярдыгы бүтүптүр. Кудай буйруса, мындан ары да башка аймактарды текшеребиз”, – деди облус казысынын орун басары.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районунда жалпы каттоодон өткөн 244 мечит болсо, анын 79 унда жума окулат.