Абдималик ажы Турсунбеков “Жабир” медресесинин студенттерине жана айылдагы айымдарга салттуу ислам боюнча лекция окуду

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндө жайгашкан “Жабир” кыздар медресесиндеги студент кыздарга сабак өттү. Лецияга студенттерден сырткары медреседен сабак алып жүргөн айылдын айымдары да катышты. Сабакта негизинен салттуу дин боюнча, тагыраагы матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабы боюнча баяндама жасалып, салафизм сыяктуу салттуу эмес багыттардын жаңылыштыктары жөнүндө сөз козголду. Абдималик ажы учурда мамлекет колдоп жаткан салттуу динди карманууга чакырып, акыйда жана фикх (укук) маселелерине токтолуп өттү.

“Биз ата-бабаларыбыз карманып келген саттуу динде бекем болушубуз керек. Салттуу динди кармануу деп матуриди акыйдасын жана ханафи мазхабын туура түшүнүп, аны кармангандарды айтабыз. Кээ бир жарандар сырттан туура эмес багытта окуп келип алып, өздөрүнүн туура эмес түшүнүктөрү менен биздин айрым ибадаттарыбызды бидаатка чыгарып келишет. Ошондуктан илимди өзүбүз билген, тааныган устаттардан алуубуз кажет. Урматтуу апалар, эже-карындаштар! Ушул медресенин расмий мугалим эжекелеринен илим алыңыздар”, – деди Абдималик ажы Турсунбеков.