Токтогулда баланы туура тарбиялоо, ысырапкерчиликти жоюу боюнча жыйын өттү

Дин иштери боюнча мамлекетик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин демилгеси менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында эл менен жолугушуу болуп өттү. Аталган жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Эсенбек Апит уулу, Токтогул районунун баш имам-хатиби Алипбай Борошбаев баштаган дин кызматкерлери, район аймагындагы мектеп директорлору катышты.

Жолугушууда экстремизм, терроризмдин алдын алуу, баланы туура тарбиялоо, ысырапкерчиликти жоюу жөнүндө сөз болуп, анын алкагында Нурбек Кайсарбаев тыюу салынган уюмдардан этият болуу зарыл экенин айтып, ар бир ата-эне балдарынын тарбиясына тыкыр көзөмөл кылуулары керектигин баса белгиледи. Ал эми ысырапкерчилик боюнча да кеңири талкуулар жүрүп, ага чекит коюу тууралуу бир топ пикирлер ортого салынды.