Балыкчы шаардык хатибиятынын адиси мектеп окуучулары менен жолугуп, маанилүү темаларда баяндама жасады

Балыкчы шаардык хатибиятынын үгүт-насаат адиси Мусакожо Кыпчагалиев шаардык билим берүү бөлүмү жана укук коргоо органдары шаардык мэрия тарабынан түзүлгөн иш мерчемдин негизинде Балыкчы шаарындагы №4 гимназия, К.Жакыпов жана С.Каралаев мектептерин зыярат кылды. Аталган жолугушуу мектептердин жыйындар залында болуп, ага мектеп жетекчилиги жана окуучулар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча сөз болуп, анын алкагында «Ислам – тынчтыктын дини», «Арак жана зына», «Салт жана дин» , «Өзүн-өзү өлтүрүү – арам», «Ата-энени урматтоо» темаларында лекция окуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Убакытты текке кетирбей туура пайдалануу керектигин айткан Мусакожо Кыпчагалиев окуучулардын суроолоруна жооп берди.