Лейлекте үй-бүлө, коом жана жаштар темасында жыйын болуп өттү

Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №48 лицейинде «Үй-бүлө, коом жана жаштар» аттуу үч муундун жолугушуу жыйыны болуп өттү. Жыйынга Лейлек районун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов жана Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдулашим Ормонов катышып, үй-бүлө, ысырапкорчулук жана адеп-ахлак боюнча сөз кылды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) бала тарбиясы ата-энеге бирдей милдет экенин, «Ар бир жарыкчылыка келген наристе жалгыз жаратканга болгон табигый таза ишеними менен төрөлөт, бирок алардын ата-энелери кээ бирлерин отко сыйынуучу же ача таякка чокунуучу же болбосо жөөттөрдөн кылып коёт» деп баяндаган. Жаштар биздин келечегибиз, ошондуктан жаштарга өтө кылдаттык менен мамиле кылып, алардын тарбиясына дыкат көңүл буралы», – деди Сейитбек Полотов.