Бишкек шаардык казыятында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңешме өттү

Бишкек шаардык казыятында ЖККБ кызматкерлеринин катышуусунда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңешме өттү Бишкек шаардык казыятында авто-жол кырсыктарынын алдын алуу, тартипке баш ийүү жана жол эрежелерин сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге борбор калаа казысы Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты, Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев баштаган ЖККБ кызматкерлери, калаанын баш имам-хатибдери жана дин кызматкерлери катышты.

Катталып жаткан жол кырсыктарынын көкөй кескен көйгөн экенин билдирген Шакир ажы буларга токтолду: «Динибизде адам жаны аманат катары каралат. Кырсыктардан улам кырчындай өмүрлөр кыйылып кетип жатат. Ошол себептүү жума баяндарында жол эрежелерин сактоо жана ылдамдыкты азайтуу боюнча айтып жатабыз. Өткөнкү көчмө жыйында бул боюнча баш имам-хатибдерге атайын тапшырма да бергенбиз. Бүгүнкү күндө автобекеттерде айдоочулар менен атайын жолугушууларды өткөрүп жатабыз», – деп билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы жол кырсыктарынын кесепеттерине токтолуу менен статистикалык маалыматтарды бөлүштү: «2022-жылдын 10 айында Бишкек шаарынын аймагында 2326 (2021-жылы 2200) жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу + 126 учурга көп, же + 5,0%га, каза болгондордун саны – 6 адамга, же –12,0%га (50дөн 44кө) жана жаракат алгандар +222ге, же + 7,0%га (2826дан 3048ге) көбөйгөн».

Белгилей кетсек, аталган кеңешмеде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргеликте иш алып баруу, жума күндөрү мечиттердин айланаларына ирети жок токтоткон айдоочуларга түшүндүрүү менен жол тыгынын болтурбоо маселелери да талкууланды.