Б. Бейшеналиева жана Ф.А.Стрельникова атындагы мектептерде экстремизмдин алдын алууга багытталган семинар өткөрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Б. Бейшеналиева жана Ф.А.Стрельникова атындагы орто мектептерде «Экстремизм жана терроризмге каршы туруу» аттуу семинар өткөрүлдү. Райондук мамлекеттик администрациянынын бекиткен иш планынын негизинде уюштурулган семинарга баш имам-хатибдин орун басары Нуркалый ажы, укук коргоо органдары, мектеп мугалимдери, ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Саамалыкта Нуркалый ажы ислам дининин экстремизмге таптакыр тиешеси жоктугун билдирип, ата-эне, мугалим, улууларды сыйлоонун пазилеттери, билим алуунун артыкчылыгы жана адеп-ахлактын мааниси жөнүндө лекция окуду.

Иш-чаранын жүрүшүндө экстремизм жана терроризмдин алдын алууга багытталган атайын роликтер көрсөтүлдү.