“Ассанабил” кайрымдуулук фонду Ысык-Көлдө аз камсыз үй-бүлөлөргө 40 тонна көмүр таратты

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында 80 муктаж үй-бүлөгө жалпысынан 40 тонна көмүр таратты. Бул боюнча маалымат берген Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев буларга токтолду:

«Мындай кайрымдуулук иш-чараларды демөөрчүлөр менен биргеликте жыл сайын уюштуруп келебиз. Бүгүн дагы ушундай жакшы иш-чара болуп, ар бир үйгө 500 кг көмүр таратуу менен соопко шерик болуудабыз» .

Белгилей кетсек, райондук хатибияттын жылдык иш планынын алкагында кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулат. Алдыда да  уюштурулушу күтүлгөнүн билдирген Сейталиев жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын илим алышына жеңилдик түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.