Түп районунда эсептик каттоо боюнча кезексиз жыйын өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда диний объектилерди эсептик каттоо боюнча кезексиз жыйын өткөрүлдү. Ага облустук казыяттын чарба курулуш жана мечиттер адиси Кангелди Жусупов, Түп райондук архитектура башчысы Эльдар Кашимбеков, райондук баш имам-хатиб Бакыт ажы Кайкиев жана имамдар катышты. Жыйында диний объектилерди каттоодон өткөрүүдө КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын талаптары жана мечиттерди каттоодон өткөрүүнүн жол-жобосу айтылды.

“Убакыт өтсө дагы мечиттерди каттоодон өткөрүү иши солгундап турат. Бир тараптуу аракет менен бул иш көпкө созулат экен. Ошол себептен сиздер тараптан дагы жардам болуп, биргеликте мечиттердин каттоосун бүтүрсөк сооптуу иш болор эле”, – деп билдирди  Бакыт ажы Кайкиев.