Ысык-Көл районунда дин жана коом боюнча конструктивдүү пикир алышуу боюнча дискуссия болуп өттү

Бул туурасында райондук баш имам-хатиб Максат Сейталиев билдирди. Аталган иш-чара Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында өтүп, ага Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Эмилбек Андартегин баштаган райондук имамдар, укук коргоо органдары, мектептердин завучтары жана айыл өкмөттөр катышты.

“Райондук хатибияттын демилгеси менен өткөрүлгөн бүгүнкү иш-чарабыздын максаты ислам дини, таухид, акыйда жана туура эмес агымдар жана алардын иш-аракеттери туурасында коомчулукка кеңири маалымат берип, имамдарыбыздын дүйнө таанымын кеңейтүү”, – деди өз сөзүндө Максат Сейталиев.

Мындан сырткары, дискуссиянын жүрүшүндө каралган маселелер боюнча суроо-жооп уюштурулду.