Баткен районунда имамдар жыйыны өткөрүлүп, жыл ичинде жакшы иш алып баргандар сыйланды

Баткен облусунун Баткен районунда баш имам-хатиб Абдурашид ажы Юнусов район имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү ишин тездетүү, кышка даярдык боюнча маселелер талкууланып, тапшырмалар берилди.

«Алдыда кыш келе жатат. Кышкыга даярдыктарды күчөтүү зарыл. Мечитке намаз окуу үчүн келген жамааттын дубасын алалы!», – дейт Абдурашид ажы ажы Юнусов.  

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, казыяттын буйруктарынын алкагында иштөөнү белгилеп, өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, документтеринин тактыгы, эсеп-кысап иштерине дыкат көңүл бурууга чакырды.

Жыйын соңунда ак кызмат өтөгөн айыл аймактын имамдарына ыраазычылык кат, китеп жана ак калпак белек кылынды.