Кадамжайда мектеп окуучуларына терс агымдардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучуларына ыйман, адеп-ахлак жана терс агымдардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юуспов, Кадамжай районунун баш имам-хатиби Иброхим ажы Хайиткулов, укук коргоо кызматкерлери жана мектептин эмгек жамааты катышып, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мекенди, элди сүйүүгө тарбиялоо, адеп-ахлак жана терс агымдардын кесепеттери талкууланды.

Адистер окуучуларга убакытты туура пайдалануу, адепсиздиктин акыбети, терс диний агымдардан этият болуу туурасындагы маалыматтарды бөлүшүп, суроолорго жооп берди.

“Балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем” деп бекер айтылбаса керек. Балдарыбызга туура тарбия берүү менен аларды келечекте татыктуу инсан кылабыз”, – деди райондун баш имам-хатиби Иброхим ажы Хайиткулов.